Вирус өтө жакындап келди! Мэрия бишкектиктерге кайрылды

Автор -
625

Мындан ары калкты тейлөө жана кызмат көрсөтүү (кафе, ресторан) жаатында эмгектенген уюмдардын бардык кызматкерлери бет капчан жүрүүгө милдеттендирилет. Мындай буйрукка калаанын вице-мэри, жарандык коргоо комиссиясынын төрагасы Азиз Алымкулов кол койду.

Кызматкерлеринин санитардык талаптарды аткарып, бет капчан жүрүүсү үчүн жетекчилери жооп берет.

«Урматтуу ишкерлер! Сиздерден кызматкерлериңиздин ишине жана кардарларыңызга коопсуз шарттарды түзүүнү суранабыз. Санитардык талаптарды, гигиенаны сактоо, антисептиктер жана аралыкты сактоо вирус менен болгон оңой эмес күрөштө бизге жардам берет», -деп кайрылат мэрия.

Калаа бийлиги ошондой эле бишкектиктерден санитардык талаптар бузулуп жатканын көрүшсө, кабарлап коюуну суранат.

Бул үчүн 1840 жана 1850 номерлерине күнү-түнү чалса болот, фото/видео далилди 0554 182-185  номерине WhatsApp аркылуу жөнөтүүгө болот.

«Өзүңөрдү жана жакындарыңарга сак болгула! Вирус абдан жакындап келди, өтө этият болуу керек», -дешет мэриядан.

Бөлүшүү