Ысык-Көл облусунда кызды ала качып барып, сабап коюшкан. Учурд ал ооруканада. Маалыматты жактоочу Назира Абдумуминова Kaktus.media сайтына тастыктады.
Жактоочунун айтымында, кыздын ата-энеси жок. Аны турмуш куруу максатында ала качышкан.
«Ал жакта чоң аялдар жана бир жигит болгон. Кызы сабашкан. Көгала тактардан сырткары, анын чычаңы (куймулчактын учу) чыгып кеткен. Азыр ал ооруканада жатат. Кызды медициналык текшерүүдөн өткөрүшөт. Бүгүн абалы начарлап кетти, колу эмдигиче калтырап жатат. Жабырлануучу менен психологдор иштеп жатышат», — деген жактоочу.
Алдын ала алынган маалыматка караганда, кыз арыз менен милицияга кайрылган, бирок ала качкандар аны арызды кайтарып алууга мажбур кылышкан.
«Жабырлануучуга жергиликтүү депутаттар, кризистик борбор жардамдашып баштап, кечээ, 1-июнда, ала качкан жана ала качууга көмөктөшкөн жарандарга карата кайра арыз жазылды. Ал Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Экспертизанын жыйынтыгына жараша тергөө иштери жүргүзүлөт. Ала качкандар кыздын ата-энесинин жоктугунан пайдаланып, эч ким болушпайт деп иш кылышканы кыжырды кайнатып турат. Күнөөлүүлөр өз жазасын алышы үчүн бардык аракеттерди кылабыз», — деп белгилеген Абдумуминова.
Юристтин айтымында, көп учурда «күйөө» болчу жигит гана жазаланып, кылмыштын башка катышуучулары жазасын калат. Бул ирет жактоочулар ала качкан жаранга жардамдашкан жактарды да жоопко тарттырууга аракет кылышмакчы.