Бүгүн 26 жаңы учур катталды, көбү — Бишкектен

Автор -

2020-жылдын 3-июнуна карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 26 учуру катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүнкү брифинг учурунда билдирди.

Бишкек ш. – 16
Нарын облусу — 7
Ош облусу — 1
Жалал-Абад облусу — 1
Баткен облусу — 1

Республика боюнча вирус жуктургандардын жалпы саны 1871 адамга жетти. Алардын ичинен 1 265 адам айыгып чыкты.