Максат Мамытканов ИИМде сурак берди

Автор -

«Чоң казат» кыймылынын мүчөсү Максат Мамытканов ИИМде сурак берди. Аны бүгүнкүгө саат 10:00гө Башкы тергөө башкармалыгына чакырышканын Facebook баракчасында билдирген эле.

Мамытканов тергөө сырынын купуялыгына байланыштуу сурак учурунда эмне тууралуу кеп болгонун айта албай турганын белгилеп, болгону ««Чоң казаттын» эмне кызыкчылыгы бар? Саясатка аралашасыңарбы?» деген суроолор берилгенин «Азаттыкка» билдирди.

Буга чейин Интернеттеги социалдык түйүндөрдө «Чоң казат» деген уюм айрым аткаминерлердин, саясатчылардын байлыгы жөнүндө айтып чыкканы кызуу талкууланган. Ага дейре бул кыймылдын мүчөсү деген Сыймык Жапыкеев аттуу мурдагы активист Кыргызстандагы бир нече саясатчынын атын атап, аларды күмөн жолдор менен байыган деп айыптап чыккан. Арасында парламент депутаты Кубанычбек Жумалиевди да атаган. Жумалиев өз дарегине айтылгандарды четке каккан.

Ички иштер министрлиги Жапыкеевдин билдирүүлөрү боюнча «Жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырык» деген берене менен, ал эми Финансы полициясы Жумалиевге карата «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде териштирүү жүргүзүп жатат.