Ошто көп кабаттуу үйдүн жанынан жаш жигиттин сөөгү табылды

Автор -

Ош шаарындагы көп кабаттуу үйдүн жанынан болжол менен 18-20 жаштагы жигиттин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу өздүк булактарына таянып, Turmush жазып чыкты.

Ош ШИИБи маалыматты тастыктап, маркумдун денеси бүгүн, 3-июнь күнү, Ош шаарындагы Салиева көчөсүндөгү №28 көп кабаттуу үйүнүн короосунан табылганын билдиришкен. Маркумдун денесин көргөн жашоочулар саат 6:30да милицияга кабарлашкан.

Учурда маркумдун өздүгү такталууда.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү