«Торугарт» көзөмөл-өткөрмө жайы ачылат

Автор -

Кыргызстан менен Кытай чек арадагы «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө жайын ачуу боюнча макулдашты. Мындай маалыматты бүгүн, 3-июнда Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

«Аталган көзөмөл-өткөрмө жайы 8-июнда ачылат. Азырынча эки өлкөнүн ортосундагы макулдашылган жүк ташууларга гана уруксат берилет. Ал эми көзөмөл-өткөрмө жайдын толук кандуу иштөөсү жакынкы арада чечилет», — деп айтылат маалыматта.

Кыргыз-Кытай чек арасындагы көзөмөл-өткөрмө жайлары 2-февралдан тарта убактылуу жабылган. Ал эми «Эркечтам» өткөрмө жайы 14-апрелде ачылган.