УКМК төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду

Автор -
202

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасынын орун басары Жакыпбек Байымбетов кызматынан бошотулду. Мындай буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду, деп маалымдайт президенттин басма сөз кызматы.

Маалыматта Жакыпбек Байымбетов кызматынан саламаттыгына байланыштуу өз арызынын негизинде кеткени айтылат.

Буга чейин коомчулукка Комитеттин талдоо жана божомолдоо кызматынын жетекчиси, төрага орун басары Жакыпбек Байымбетов жыштыктарды сатуунун айланасындагы жаңжалга байланыштуу кызматтан кеткендиги тууралуу маалымат тараган. Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев «бул маалыматтын чындыгы болушу мүмкүн» деп билдирди.

«Буга чейин дагы бир жетекчи орундагы кызматкери иштен алынып, камалганы тууралуу маалымат бар. Эми төраганын орун басары иштен кеткени ошол жыштык чатагына байланыштуу болушу толук мүмкүн», -дейт эл өкүлү.

Депутат Жанарбек Акаев жыштык сатуудагы коррупциялык ишке өкмөт башчынын катышы жоктугун далилдеши керектигин парламентте билдирген.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 21-майда парламентте жыштык сатууга тиешеси жоктугун, тескерисинче жыштыктарды кайра сатуу маселесин көтөрүп чыкканын билдирген. Өкмөт башчы көп өтпөй кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыккан.

Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин жыштык сатуудагы коррупциялык иши үчүн шектүү катары беш киши камакка алынганын, өкмөттөгү айрым жогорку кызмат адамдары да сурак берип жатканын аскер прокурору Нуркамал Набиев парламентте билдирген.

12-майда Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Наталья Черногубова жыштык сатуудагы коррупцияга шектүү катары кармалган. Ага уюк байланыш операторлорунун бирине жыштыкты мыйзамсыз кайра каттаган деген айып коюлган.

Бөлүшүү