УКМК «Эркин Европа/Азаттык үналгысы» медиакорпорациясынын президенти Жейми Флай мырзага расмий кат жөнөттү. Бул туурасында комитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Катта Флай мырзага «Азаттыктын» эки кабарчысынын Айеркен Саймаитинин иши боюнча сурак берүү үчүн тергөө органдарына келишин камсыздоо өтүнүчү жолдонот.
«Тергөө бир нече жолу «Азаттык» радиосунун журналисттерин суракка алууга жана алардагы колундагы, анын ичинде А. Саймаитиден алынган материалдарды алууга аракет кылган. Ошентсе да, А. Саймаитинин ишмердүүлүгү жөнүндө журналисттик иликтөөнүн материалдарын даярдоого түздөн-түз катышкан журналисттер жана аны менен тыгыз байланышта болгондор азыркыга чейин суракка келише элек. Ошондой эле, тергөөгө бүгүнкү күнгө чейин толук көлөмдө журналисттик иликтөөнүн убада кылынган материалдары берилген жок», -деп айтылат маалыматта.
Буга байланыштуу КР УКМК тергөөнүн жыйынтыгын коомчулукка жеткизип, ага укуктук баа берүүгө багытталган бардык зарыл тергөө иш-аракеттерин өткөзүүнү камсыз кылуу үчүн журналисттер Мухаммедали Токтакунов менен Ыдырыс Исаковдун тергөө органдарына келишин камсыздоого көмөктөшүүнү медиакорпорациясынын президенти Жейми Флайдан суранат.
УКМК «Азаттык» радиосунун журналисттеринин коопсуздугун толук камсыз кылууга кепилдик берет.