Бир сутка ичинде өлкө боюнча 7 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
• Бишкек ш. – 2
• Ош ш. – 4
• Нарын облусунда – 1
Ал эми стационарлардан сутка ичинде 5 медкызматкер айыгып чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 372 учур катталды, алардын ичинен 270 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.