Парламент Канттагы аба базасы тууралуу келишимди караган жок

Автор -

Жогорку Кеңеш Орусиянын Кант шаарындагы авиабазасы боюнча макулдашуунун айрым пункттарын өзгөртүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун 4-июндагы сессиясында караган жок. Документ күн тартибинен алынды, деп жазат «Азаттык».

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин катчылыгы маселе техникалык себептерге байланыштуу жалпы сессияга чыгарылбаганын билдирди. Маалыматка караганда, комитеттин келерки аптадагы жыйынында күн тартибине кайра киргизилиши мүмкүн.

Мыйзам долбоору бул комитеттин күн тартибинен буга чейин үч ирет алынган. Буга долбоор боюнча өкмөттүн так маалыматы жок деген жүйө айтылган.

Буга дейре мыйзам долбоору парламенттин сайтында 4-июнда карала турган документтердин катарында болчу.

2-июнда Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы инвентаризациянын жыйынтыгында Орусия 58,32 гектар көп жерди колдонуп келгени аныкталганын билдирген. Буга байланыштуу жана учуу-конуу тилкелерин оңдоо максатында 2012-жылы кол коюлган макулдашууга өзгөртүү сунушталып жатканын билдирген.

Протокол эки өлкөнүн парламенттери ратификациялагандан кийин күчүнө кирет.

Башкы штабдын билдирүүсүндө, орус тарап мурда жердин ижара акысы үчүн жыл сайын 4 млн. 502 миң доллар төлөсө, протокол күчүнө киргенден кийин 4 млн. 794 миң доллар төлөй баштайт.