Үсөнбаев: Жети учурдун жугузуп алган булагы табыла элек

Автор -
230

Сутка ичинде коронавируска чалдыкканы тастыкталган 28 адамдын жетөө ооруну кайдан жугузуп алганын билбейт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

«Бүгүнкү күндө COVID-19 вирусунун жаңы 28 учуру катталды. Алардын бири четтен келген жарандан табылса, 20сы медициналык көзөмөлдө тургандардан аныкталды. Ал эми, калган 7 учурдун жугузуп алган булагы табыла элек», — деди ал.

Кечээ, 3-июнда 26 адамдан COVID-19 аныкталса, алардын төртөө кайдан жугузганын айта алган эмес.