Сутка ичинде 28 адамдан коронавирус табылды, бирөө -Көлдөн

Автор -

2020-жылдын 4-июнуна карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 28 учуру катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Бишкек ш. – 15
Нарын облусу – 1
Ош ш. – 4
Ош облусу – 6
Чүй облусу – 1
Ысык-Көл облусу – 1

Республика боюнча оору жуктургандардын саны 1899 адам болду. Алардын 1292 айыгып чыкты.