Дагы 2 адам каза тапты. 84 жаштагы байбиче вирусту кызынан жуктурган

Автор -
379

Өткөн сутка ичинде 2 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

«Бишкек шаарындагы Улуттук фтизиатрия борборунда 1938-жылы төрөлгөн аял киши дарыланып жаткан. Анда кант диабети, гипертониялык оорулар, жүрөк оорулары болгон экен. «Автомаш-Радиатор» заводунда иштеген кызы коронавирус жуктуруп алып дарыланып аткан экен, аны менен байланышта болуп жуктуруп, 30-майда апасынан да коронавирус чыккан. Реанимацияда жүрөгү токтоп калып, каза тапты. 

Ал эми экинчиси Оштун 1986-жылы туулган тургуну, аял киши. Облустук ооруканада дарыланып жаткан. Анын мурун ак кан оорусу бар экен, дарыланып жаткан. Ковид-19 жуктуруп алган соң, оорусу күчөп,жандандыруу бөлүмүнө тушкөн. Кечээ каза болуп калды», -деди министрдин орун басары.

Буга чейин коронавирустан 20 адам каза тапкан болчу.