Түп районунда 3 жашар бала каналдагы сууга түшүп кеткен

Автор -

Кечээ, 4-июнда, Түп районунун Карасаев айыл өкмөтүнө караштуу Чоң-Тогузбай айылында 3 жаштагы бала сууга агып кеткен. Бул тууралуу жергиликтүү тургундарга таянып, Turmush билдирди.

Тургундардын айтымында, 3 жашар А.А.Ы.нын жансыз денеси бүгүн, 5-июнда, саат 7:10до табылган.

«Баланын чоң атасы малын жайлоого айдап кеткенде небереси аны издеп артынан чыгыптыр. Кошуналар баланын чоң жол жактагы канал тарапты көздөй бара жатканын көрүшкөн. Баланы издөөгө айыл жаштары чыккан. Алар түнкү саат 00:00гө чейин издешкен. Баланын сөөгүн бүгүн Тасма айылынын тушунан табышты», — дешкен жашоочулар басылмага.

Бөлүшүү