Бүгүн Бишкек–Ош–Бишкек каттамы боюнча 208 жүргүнчү учту

Автор -

«Манас» эл аралык аэропорту Кыргызстандын ички авиакаттамдарын жандантты. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Узакка созулган карантинден кийин бүгүн, 2020-жылдын 8-июнунда, Бишкек–Ош–Бишкек каттамы боюнча алгачкы ички авиарейстер тейленди. Жүргүнчүлөрдүн жалпы саны – 208.

Республикалык Штабдын жана КР Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштамаларына ылайык «МЭА» ААКтын өлкөдөгү бардык ири аэропортторунда жүргүнчүлөрдүн жана тейлөөчү кызматкерлердин күчөтүлгөн коопсуздук чаралары кабыл алынды.

«Манас» эл аралык аэропортунун жетекчилиги бардык жүргүнчүлөрдү сунушталган алдын алуу чараларын сактоону өтүнөт жана Кыргызстандын бардык аэропортторундагы терминалдарга коргоо беткаптары жана авиабилети бар, уча турган жүргүнчүлөр кире аларын эскертет. Бардык жүргүнчүлөр кирерде автоматташтырылган термометриядан жана дезинфекциялык тоннелдерден өтөт.

Аэропорттордун имараттарында социалдык аралыкты сактоо боюнча белгилер бар.
Авиабилеттерди сатып алуу үчүн жүргүнчүлөр авиакомпаниялардын өкүлчүлүктөрүнө күн мурун кайрылуусу керек.

Дүйнөдөгү коронавирус пандемиясынан улам Кыргызстан КР жарандарын чет өлкөдөн кайтарууга байланышкан чартердик каттамдарды жана жүк каттамдарын кошпогондо үзгүлтүксүз ички жана эл аралык каттамдарды токтоткон. 5-майда аба транспортунун эл аралык ассоциациясынын (ИАТА) маалыматы боюнча 2020-жылдын апрель-май айларындагы каттамдардын саны 2019-жылдын апрелине салыштырганда 90%га азайган.