Дарыгерге өз убагында кайрылган эмес. Коронавирустан 23-бейтап каза тапты

Автор -

Коронавирус оорусунан Нарын облусунда 67 жаштагы бейтап каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүнкү брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, COVID-19 жуктуруп алган аял медиктерге дароо кайрылбай, үйдөн дарыланган.

«Клиникасын берип баштаганда гана тийиштүү кызматтарга телефон чалган экен. 5-июнда мобилдик бригада үйүнөн алып кетип, ооруканага жаткырган. 6-июнда  Нарын облустук оорукананын инфекциялык госпиталына которулган. Ал аялда Ковид-19 инфекциясынын эң оор түрү, эки тараптуу пневмония, курч аба жетишсиздиги, 2-даражадагы аз кандуулук, жогорку кан басымы болгон. Коронавирус жуккандан кийин организми чыдабай, жалпы акыбалы начарлап, кычкылтекке кошулганына, бардык аракеттер жасалганына карабай, кечээ кечинде жүрөгү токтоп каза болуп калды», -деди министрдин орун басары.

Өлкөдө коронавирустан каза тапкандардын саны 23 адамга жетти.

Бөлүшүү