7-июнь күнү айрым маалымат агенттиктеринде Ысык-Көл облусунун «Каприз» пансионатынын ичинен жол тандабас автоунаасы фонтандан секирип өтүп, жолдун четиндеги тосмолорду жана скамейканы талкалагандыгы боюнча видео тасма жарыяланган.
Аталган видео тасма боюнча Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы түшүндүрмө берди.
Облустук милициянын маалыматына караганда, 7-июнь күнү эртеӊ мененки саат 06:00 чамаларында Ысык-Көл РИИБдин нөөмөт кызматына, Бостери айылында жайгашкан «Каприз» пансионатынын администрациясынан чалуу түшкөн. Анда пансионаттын эс алуучусу өзүнүн «Мерседес-Бенц GL-500» үлгүсүндөгү жол тандабас автоунаасы менен фонтандын үстүнөн жогорку ылдамдык менен секиртип өтүп, андан кийин аллеянын четиндеги тосмолорду жана скамейканы сүзгөнүн кабарлаган.
Аталган кабар боюнча райондук милициянын тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барып, айдоочуга жолуккан.
«21 жаштагы Бишкек шаарынын Б.В. аттуу тургуну, Бостери айылында жайгашкан «Каприз» пансионатына эс алууга келгенин, ошол күнү жол тандабасын айдап баратып, алдындагы фонтанды көрбөй калып, андан автоунаасын секиртип өтүп, аллеянын четиндеги тосмолорду жана скамейканы сүзүп алганын билдирди. Айдоочу жол эрежесин бузгандыгы боюнча күнөөсүн толугу менен мойнуна алды», — деп айтылат маалыматта.
Медициналык текшерүү учурунда айдоочу спирт ичимдиктерин ичпегендиги аныкталган. Аталган факт, райондук милициянын маалымат электрондук журналына катталып, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинин 124 беренеси (автоээнбаштык) жана 127 беренесинин 2 бөлүгү (Жол кыймылынын башка эрежелерин бузуу) менен протокол түзүлүп, автоунаа айып төлөнүүчү жайга коюлду.