Көкөмерен дарыясына балык уулоого кеткен 2 киши дайынсыз болууда

Автор -

Нарын облусунун Жумгал районунда балык уулоого кеткен 2 киши 4 күндөн бери дайынсыз болуп изделүүдө. Маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Миң-Куш айылынын 1978-жылы туулган жана 1977-жылы туулган эки тургуну 5-июнь күнү Көкөмерен дарыясына балык уулоого кетишкен. Алар ошол күндөн бери дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат аймактык куткаруучулар бөлүмүнө келип түшкөн. Учурда аларды издөө иштери жүргүзүлүп жатат», — деп билдиришти мекеменин маалымат кызматынан.

Бөлүшүү