Сутка ичинде 3 медкызматкерден коронавирус аныкталды

Автор -

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

• Ош ш. – 1
• Ош облусунда – 1
• Ысык-Көл облусунда – 1

Ал эми стационарлардан сутка ичинде 11 медкызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 403 учур катталды, алардын ичинен 293 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү