Түркиядан 328 кыргызстандык кайтып келди

Автор -

«Манас» эл аралык аэропортунда бүгүн, 2020-жылдын 9-июнунда, Turkish Airlines авиакомпаниясынын Стамбул–Бишкек каттамы боюнча чартердик рейсин тосуп алышты. Бул тууралуу штабдан билдиришти.

Каттам менен Кыргызстанга Түркиядан 328 КР жараны кайтып келди.  Бардык учуп келген жарандар бекитилген тартипте медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынат.

Чет мамлекеттерде жүргөн КР жарандарын Мекенине кайтарууну уюштуруу иштери улантылат.