Ысык-Көлдө 4 адамдан коронавирус аныкталды. Алар кимдер?

Автор -

Бүгүн, 9-июнда, саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин брифинги учурунда Ысык-Көл облусунда 4 адамдан коронавирус табылганы белгилүү болду.

Ысык-Көл облусунда катталган 4 жаңы учурдун экөө Каракол шаарынын тургундарынан чыккан. Бирөөсү — Үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгери, 33 жашта. Ал буга чейин коронавирус табылган үй-бүлөдөгү 1978-жылы туулган аялдын сиңдиси. Бейтап илдетти эжесинин үйүнөн илдет жуктурган. Кийин өзүнүн үйүнө барганда оору 1950-жылы туулган кайненесине жуккан. Калган үй-бүлө мүчөлөрүнүн анализинин жыйынтыгынан коронавирус аныкталган жок.

Калган экөө — Жети-Өгүз районунун тургундары. Бирөө — айыл өкмөт башчысы, экинчиси аны менен байланышта болгон жаран. Айыл өкмөт башчысы 5-июнда дене табы 37-38 градуска жогорулап, тамагы ооруп, ооруканага кайрылган. Андан ошол эле күнү ПЧР анализи алынган. Анын жыйынтыгында бүгүн, 9-июнда коронавирустун белгилери аныкталды.

Айыл өкмөт башчы үй-бүлөсүндө атасы, жубайы, эки баласы менен байланышта болгон. Ошондой эле жумушта 30 адам менен алакада болгону белгилүү болду. Алардын баарынан коронавируска анализ алынды. Алардын ичинен бир жарандан коронавирус чыкты. Бейтап 1988-жылы туулган айыл тургуну. Андан 5-июнда анализ алынган. Бейтап менен жалпы 15 киши байланышта болгон.

Бөлүшүү