Белгилүү актер Марат Жантелиев мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

Автор -
311

Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, белгилүү театр жана кино актеру Марат Жантелиев кечээ, 9-июнда, 59 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Маалыматтарга караганда, ал ооруп, реанимацияда жаткан.

Марат Жантелиев 1961-жылы Нарын облусунда туулган. 1978-жылы Орусиянын Мамлекеттик кинематография институтуна (ВГИК) өтүп, бул окуу жайды 1982-жылы аяктаган.

Алгачкы чоң ролун Төлөмүш Океевдин «Ак илбирстин тукуму» тасмасында жараткан.

Актер Бишкектеги Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаштар театрында эмгектенчү.

2017-жылы «Саякбай» тасмасында айтылуу Саякбай манасчынын образын жараткан.

2018-жылы 30-августта Жантелиевге «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» деген ардактуу наам ыйгарылган.