Каракол шаары боюнча салык органынын бөлүм башчысы ишеничтен кеткендигине байланыштуу кызматтан алынды. Тийиштүү буйрукка Салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев 10-июнда кол койду.
Буга 2020-жылдын 4-июнунда Каракол шаардык соту аны кылмыш жасоого (пара алуу) күнөөлүү деп чечим чыгарганы негиз болгон.
Буга чейин аталган кызматкер алдын ала иликтөө жана соттук териштирүү мезгилинде ээлеген кызматынан убактылуу четтетилген.
Мындан тышкары, Мамлекеттик салык кызматынын Каракол шаары боюнча башкармалыгынын начальниги аталган факт боюнча кызыкчылыктардын кагылышын алдын алуу жана жөнгө салуу боюнча өз убагында иш-аракеттерди
көрбөгөндүгү үчүн ээлеген кызматына ылайык эместиги жөнүндө эскертилген.