Коронавирус дагы эки адамдын өмүрүн алып кетти. Жалпы 26 киши каза тапты

Автор -

Өткөн сутка ичинде 2 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул туурасында бүгүнкү брифинг учурунда белгилүү болду.

Жалал-Абад облустук ооруканасынан 72 жаштагы аял киши каза болгон. Панфилов Жалпы дарыгерлер практикалык борборунда Кара-Балта шаарынын 70 жаштагы тургуну, эркек киши, каза болгон.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, экөөндө тең эски оорулары болуп, коронавирус жукканда оорулары күчөп кеткен.

Кыргызстанда вирустан каза болгондордун жалпы саны 26 кишини түздү.