Орус актеру Михаил Ефремов үй камагына алынды

Автор -

Бир адамдын өмүрүн алган жол кырсыгынын катышуучусу актер Михаил Ефремовду сот үй камагына жөнөттү. Актерго мас абалында жол кырсыгын жаратуу айыбы коюлуп, 12 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн, деп билдирет, ВВС орус кызматы.

Ефремовду авариядан кийин дароо эле өлкөдөн чыкпоого милдеттендирип, үйүнө кое беришкен. 9-июнда эртең мененкиге белгиленген суракка актер келген эмес. Мындан улам тергөө аны үй камагына алуу өтүнүчү менен сотко кайрылган.

Сотто Ефремов бул чечимге каршы чыккан жок. Жыйынтыгында сот өтүнүчтү канааттандырып, актерду 9-августка чейин үй камагына алуу чечимин чыгарды.

Ефремовдун катышуусундагы жол кырсыгы дүйшөмбү күнү кечинде Россиянын Тышкы иштер министрлигинин имаратынын каршысында болуп өткөн. Актер башкарып бараткан жол тандабас каршы тилкеге чыгып, жеңил фургонду сүзүп алган. Артист эч кандай жаракат алган эмес, а фургондун айдоочусу алган жаракаттарынан ооруканада көз жумган.

Ефремов кырсык болгон жерден кармалып, канында спирт ичимдиги бары-жогун текшерүүгө жөнөтүлгөн. Кийин анын мас экени тастыкталган. Полиция бөлүмүнөн аны өлкөдөн чыкпоого милдеттендирип, кое беришкен.