Ошто электробус чыгара турган автозавод ишке киришти

Автор -
209

Президент Сооронбай Жээнбеков 10-июнда электробустарды чыгара турган автозаводдун иши менен таанышты. Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдиргендей, «Кыргыз унаа курулуш» деп аталган заводдун курулуш иштеринин биринчи этабы аяктап, өз ишин баштады. Анын ишке кириши менен 500гө чейин жумуш орундары түзүлгөн. Ал эми курулуш иштеринин экинчи этабы бүткөрүлүп, завод толук ишке киришкенде, жумуш орундарынын саны 5 миңге жетет.

Заводдо жеңил жана оор өнөр жай, айыл чарба тармагы үчүн комплекттөөчү шаймандар менен техникалар өндүрүлүп жатат, трансформаторлор менен акылдуу эсептегичтер иштелип чыгып, текшерүүдөн өтүүдө.Ошондой эле Кыргызстандан чыгарыла турган биринчи электробус даярдалууда.

Ата мекендик электроэнергетикалык тармагынын чоң потенциалын эске алуу менен ошондой эле чакан жана чоң гидроэлектрстанциялар үчүн зарыл болгон жабдуулар, анын ичинде гидротурбиналар менен генераторлор чыгарылууда.

Курулуш иштеринин биринчи этабына болжол менен 20 миллион доллар сарпталган. Завод Европа жана Япониянын заманбап жабдуулары менен жабдылганы айтылды.

Бөлүшүү