Түштүк Кореядан 12 кыргыз жараны кайтып келди

Автор -

Бүгүн, 10-июнда, Түштүк Кореядан 12 кыргыз жараны Бишкекке кайтып келди. Алардын өлкөгө кайтуусуна Казакстан көмөк көрсөттү.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, мекендештер чартердик учак менен Казакстандын Алматы шаарына келишти. Андан кийин Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкеринин коштоосунда атайын транспорт менен Бишкекке алып келинди. Өлкөгө кайтып келген жарандар обсервацияга жаткырылды.

Министрликтен кошумчалашкандай, учурда чет мамлекеттерде жүргөн кыргызстандыктарды өлкөгө кайтаруу боюнча бардык иш-аракеттер көрүлүүдө.