Бишкекте 9 медкызматкерден коронавирус аныкталды

Автор -

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 10 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин бүгүнкү брифингинде белгилүү болду.

• Бишкек ш. – 9
• Ош ш. – 1
Ал эми стационарлардан сутка ичинде 18 медкызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 419 учур катталды, алардын ичинен 312 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.