«Кең-Булуң автожол» өткөрүү жайы иштеп баштады

Автор -

11-июндан баштап кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги «Кең-Булуң автожол» өткөрүү жайы иштеп баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Казак тараптын демилгеси менен «Кең-Булуң автожол» өткөрүү жайы бир гана бош жүк ташуучу унаа каражаттарынын өтүшү үчүн ачылды (атайын көрсөтмө болгонго чейин). Муну менен башка өткөрүү жайларындагы жумуш жеңилдеп, бош жүк ташуучу унаа каражаттары үчүн ылдам өтүүгө мүмкүнчүлүк болот.

Ошондой эле Чүй облусунда «Ак-Тилек», «Чалдыбар», «Кең-Булуң» жана Талас облусунда «Чоң-Капка» автожол өткөрүү жайлары да иштеп жатат.

Ал эми «Ак-Тилек автожол» жана «Чоң-Капка автожол» өткөрүү жайларында өкмөттүн талаптарына ылайык, жарандар жана оор жүк ташуучу транспорт каражаттары өткөрүлүүдө, деп жазылат маалыматта.