Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттер ачылат

Автор -

Кыргыз-казак чек арасындагы бардык өткөрмө бекеттер ачылат. Мындай макулдашууга Кыргызстандын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев менен Казакстандын премьер-министри Аскар Маминдин 10-июнда телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө келишти.

Өкмөттүк аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн билдиргенине караганда,  өткөрмө бекеттерди ачуу сунушу казак өкмөт башчысынан түшкөн.

«Сүйлөшүүдө кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында түзүлгөн кырдаал талкууланды. Казак тараптын сунушу боюнча мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги бардык өткөрмө жайларды ачуу жана кыргыз-казак чек арасы аркылуу тоскоолдуксуз жүк ташууларды камсыздоо маселесин чечүү боюнча эки жактуу макулдашууга жетишилди. Тараптар буга чейин жетишилген макулдашууларды эки тараптан колдой турганын ырасташты», — деп жазылат маалыматта.

Эки өлкөнүн өкмөт башчылары сүйлөшүү учурунда коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы чогуу күрөшүү, коргонуу чараларын талкуулап, мындан аркы кызматташуунун багыттарын сүйлөштү.