Таласта вирус жуктургандар менен байланышта болгон 212 адам «таза» чыкты

Автор -

Таласта 212 адамдын коронавируска берген анализдери таза чыкты. Бул тууралуу  КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев билдирди.

Анын айтымында, аймакта 10-июнда катталган алгачкы учур облустук үй-бүлөлүк медициналык борбордо иштеген дарыгерден табылды, ал мобилдик топто 15-31-майга чейин иштеген.

«Учурда Талас облусунда короновирус илдети менен 3 учур катталды, алар жогоруда айткан медицина кызматкери, анын жолдошу жана жолдошунун досу. Учурда КР ССМдин алгоритмине ылайык, 1-2-жактарда байланышта болгон 212 адамдан ПЧР-анализи алынып, бардыгынын жыйынтыктары таза чыкты», — дейт аткаминер.