Токмокто 15 жаштагы кыз 9-кабаттан секирип каза тапты

Автор -
293

Токмокто 15 жаштагы кыз курулуп жаткан үйдүн 9-кабатынан секирип кетти. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБге таянып,  Kaktus.media жазып чыкты.

Маалыматка караганда, кечээ, 10-июнда, саат 15:43да милицияга көп кабаттуу үйдөн жаш кыз секирип кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Алган жаракаттарынан ал жеринде каза тапкан.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталды.

Милициянын маалыматына караганда, кыз дайынсыз жоголуп кетип, изделип жаткандардын катарында болгон. Мурдараак атасы кайрылып, издөө иштерине көмөктөшүүнү суранган. Кыздын үйүнөн чыгып кетишине үй-бүлө мүчөлөрү менен пикир келишпестиктер себеп болгону айтылат. Ошол боюнча үйүнө кайрылып барган эмес.