Жалал-Абадда психоневрологиялык диспансерде 14 баладан кургак учук аныкталды

Автор -
224

Жалал-Абаддагы психоневрологиялык диспансерде 14 баладан кургак учук аныкталды. Бул маалыматты Кургак учукка каршы күрөшүү боюнча облустук борбордун директору Бурулкан Кадырова тастыктады, деп жазат 24.kg агенттиги.

Анын айтымында, апрелдин башында ага диспансердин директору кайрылган.

«Ал балдар тамакты аз жеп, арыктай баштаганын жана кургак учукка шектүү экендигин айтты. Мен комиссия түзүп диспансерге бардык. Биринчи күнү эле төрт баладан кургак учук аныкталды, текшерүүдөн кийин дагы 10 баладан чыкты. Алардын ичинен үчөөнүкү дарылоого болот. Балдар психо-неврологиялык социалдык стационардык мекеменин өзүнчө бөлмөлөрүндө дарыланышат, анткени бардыгынын аң-сезими өрчүбөй калган. Биздин борборго которуу үчүн психиатрдын корутундусу керек. Мен диспансерге эки дарыгерди дайындадым», — дейт Бурулкан Кадырова.

Бурулкан Кадырова балдардын дарыланып жаткандыгын, динамикасы жакшы экендигин белгиледи.

«Учурда алты бала дарылоонуунун активдүү фазасын аякташты. Балдардын табити ачыла баштады», — деп кошумчалады.

Психоневрологиялык диспансерде оорунун жугуу себептерин изилдешүүдө.