Улуттук гвардиянын жоокерлеринен коронавирус табылды

Автор -
206

Кыргызстандын Улуттук гвардиясында кызмат кылгандар арасынан коронавирус табылды. Бул тууралуу Башкы штабдын басма сөз катчысы Гүлзат Жарашева билдирди, бирок ооруп калгандардын так санын айткан жок, деп жазат «Азаттык».

Анын айтымында, коронавируска чалдыккандар менен чогуу кызмат кылгандардын баары обсервацияга алынды.

Эми түзүлгөн абалга байланыштуу Москвадагы парадга мурда пландалган аскердик бөлүк эмес, башкасы барат.

«Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын камсыздоо бөлүмүнүн аскер кызматкерлеринин арасынан коронавирус жуккан бир нече адам катталды. Улуттук гвардиянын ардак кароол ротасы Москвада 24-июнда өтө турган Жеңиш парадына катышмак. Оору алардан табылган жок. Бирок, ошентсе да, илдеттин жайылышын алдын алуу максатында биз парадга резервдеги бөлүм барат деп чечтик», — деди ал.

Басма сөз катчысынын айтымында, жалпысынан Москвага 75 жоокер барат деп пландалып жаткан, ошончо эле санда жөнөтүлөт.

Жалпысынан 18-марттан 12-июнга чейин өлкөдө коронавирус 2166 адамдан табылды, алардын ичинен 26 бейтап кайтыш болду, 1668 бейтап айыгып кетти.

Бөлүшүү