Өзгөчө кырдаалдагы милдеттерди аткарган милиция кызматкерлерине эмгек акы төлөө жөнүндө токтом долбоору тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашылууда. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 15-июнда, билдирди.
Маалыматта Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын «Өзгөчө
абал» учурунда кызмат өтөгөн кызматкерлерине кошумча төлөмдөр жакын арада төлөнүп берилерин убадалашты.
«Өкмөт тарабынан 2000-жылдын 26-октябрында бекитилген Токтом Жобосуна ылайык, өзгөчө абал шартында өз тапшырмаларын аткара тургандарга кызмат орду менен аскердик наамга жараша үч оклад өлчөмүндө окладды төлөп берүү каралган.
Ал эми аскердик кызмат орду менен аскердик наамга жараша бир окладды ички иштер органдарынын кызматкерлери айлык акы менен биргеликте алышат, ушунун негизинде аскердик кызмат орду менен аскердик наамга жараша эки оклад калат. Аталган кепилдик өзгөчө абал режиминде кызмат өтөө маалында өз милдеттерин аткаруу үчүн кызматкерлерге шыктандыруучу болуп эсептелгендиктен, ал республикалык бюджеттеги каражаттын эсебинен төлөнүп берилет.
Андан сырткары, өзгөчө абал режиминде республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлери казармалык абал шартында кызматын өтөштү. Ички иштер органдарынын «Өзгөчө абал» учурунда кызмат өтөгөн кызматкерлеринин жана ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын аскерлеринин иштөө убактысын эсепке алуу табели толтурулуп, коменданттар тарабынан бекитилип кошумча акча каражатын бөлүп берүү тууралуу толук маалымат Каржы министрлигине жөнөтүлгөн. Азыркы учурда Өкмөттүн буюрмасынын долбоору тиешелүү мамлекеттик органдардан макулдашуудан өтүп жатат. Жакын арада Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын «Өзгөчө абал» учурунда кызмат өтөгөн кызматкерлерине кошумча төлөмдөр төлөнүп берилет», — дейт ИИМдин пресс-кызматы.
Буга чейин милициянын ыйгарым укуктуу кызматкерлери өзгөчө абал учурунда убадаланган кошумча акча берилбей жаткандыгын айтышып, жумушка чыгуудан баш тартышкан. Бирок ИИБ бул маалыматты чекке каккан.