Beeline компаниясынын бир нече кызматкеринен коронавирус табылды

Автор -

Beeline соода маркасына ээлик кылган Sky Мobile компаниясынын директору Евгений Кражандан жана ишкананын бир нече кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу маалыматты компаниянын PR-директору Марина Ким журналисттерге ырастады.

Ал вируска кабылган кызматкерлер өздөрүн жакшы сезип жатканын, ага карабай обсервацияга жаткырылганын билдирди. Ким ошондой эле канча кишиден вирус табылганын тактаган жок. Айтымында, бир нече кызматкердин коронавирус жуктуруп алганы компаниянын ишине таасир этпейт, бирок дагы жугузуунун алдын алуу үчүн сентябрга чейин аралыктан иштешет.

15-июнда Кыргызстандын аймагында 87 адамга коронавирус жукканы такталды. Ушуну менен СOVID-19га чалдыккандар өлкөдө 2372 адамга жетти.