Өлкөдө дагы 22 медкызматкер коронавируска чалдыкты

Автор -

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 22 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

• Бишкек ш. – 12
• Чүй облусунда – 3
• Ош ш. – 5
• Ош облусунда – 2
Ал эми стационарлардан сутка ичинде 13 медкызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 460 учур катталды, алардын ичинен 354 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Республика боюнча жалпы 2 372 кишиден Ковид-19 аныкталып, алардын ичинен 1 813 бейтап айыгып чыкты. 27 киши каза тапты.