Беш айда бюджеттин дефицити 13,3 млрд сомду түздү

Автор -

Беш айдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын республикалык бюджетинин дефицити 13 млрд 352 млн сомду түздү. Бул туурасында каржы министринин орун басары Марлен Амандыков билдирди.

«Үстүбүздөгү жылдын 5 айында кирешелер 40 млрд 996 млн сом суммасына аткарылды, бул 2019-жылдагы көрсөткүчкө карата 11 млрд 199 млн сомго аз. Бул мезгилдеги чыгашалар 54 млрд 348 млн сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 2 млрд 867 млн сомго көбөйгөн. 5 айдын жыйынтыгы боюнча республикалык бюджеттин дефицити 13 млрд 352 млн сомду түздү», — деп билдирди Марлен Амандыков.

Анын айтымында, бюджеттик каражаттардын калдыгы 9 млрд 750 млн сомду түздү – бюджеттик каражаттар 5,5 млрд сом жана атайын каражаттар 4 млрд 200 млн сом.

«Бюджеттин дефицитин каржылоо булактары боюнча аткарылышы 23 млрд сомду түздү. Алардын ичинен 4 млрд 700 млн сом – бул ички каражаттар жана 18 млрд 382 млн сом – тышкы булактар. Анын ичинен 17 млрд сом – бул Эл аралык Валюта фондунан алынган насыя», — деп белгиледи ал.

Бөлүшүү