Сутка ичинде өлкө аймагында 3 адам  сууга чөгүп кетти

Автор -
284

Сутка ичинде өлкө аймагында 3 адам  сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 14-июнь күнү Чүй облусунун Аламүдүн районундагы ГЭС-5 айылындагы көлмөгө 1995- жылы туулган эркек киши чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Издөө иштерин жүргүзүүгө Аламүдүн райондук №1 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылып, маркумдун жансыз денесин көлмөдөн чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ошол эле күнү Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагындагы Кум айылында Нарын дарыясына 2003-жылы туулган бала түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Баланы издөөгө 15 куткаруучу тартылып, бирок кечээ сөөгүн таба алышкан эмес. Бүгүн издөө иштери улантылат.

Кара-Көл шаарында 14-июнь күнү Кара-Суу дарыясына эркек адам (аты жөнү такталууда) түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Издөө иш-чараларын жүргүзүүгө КР ӨКМнин Кара-Көл шаардык №94 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жана ИИМден 6 кызматкер тартылды.