Боронов Бишкекке азырынча чектөөлөр кирбей турганын билдирди

Автор -

Премьер-министрликке талапкер Кубатбек Боронов Бишкекте коронавирустун жайылышы кооптондуруп жатканы менен  азырынча чектөөлөр киргизилбей турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 16-июнда, журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, коронавирустун күч алышы болжолдонгондой эле болуп жатат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунуштарын эске алганда, окуянын өнүгүшүнүн 3 планы бар: жагымдуу, орточо жана оор.

«Биз орточо оор баскычына келдик, кырдаал көзөмөлдө. Азырынча шаарда кандайдыр бир чектөөлөрдү киргизүү планда жок», — деди ал.

Июнь айынын акырына чейин өлкөдө илдет жуктургандардын саны 4,9 миң адамга жетери божомолдонууда.

«Буга карабастан, мурункудай эле карантиндик иш-чараларды колдонуш керек. Бул коңшу мамлекеттердеги абалдан да көз каранды. Биз менен бирге эле аларда да жагдай жакшырышы зарыл», — деп кошумчалады Боронов.

Ошондой эле мындан ары коронавирус жуктуруп алып, бирок оорунун белгилери байкалбагандар ооруканаларга жаткырылбай турганы белгилүү болду. Алар обочолонуу шарттарын сактоо менен өз үйлөрүндө болушмакчы.

«Эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен жана бейтаптарды толук кандуу дарылоо үчүн ооруканаларга коронавирустун белгилери бар адамдарды гана жайгаштыруу чечими кабыл алынды. Ооруну жеңил көтөрүп жаткандар үйдө болот, бирок алардын үстүнөн катуу көзөмөл жүргүзүлөт», — деди Боронов.