Парламенттеги көпчүлүк коалиция жаңы өкмөттүн курамын жактырды

Автор -

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция 16-июнда өзү сунуштаган техникалык өкмөттүн жаңы курамын жактырды. Коалициянын мүчөлөрү өкмөттүн жаңы курамын дээрлик бир добуштан колдошту.

Өкмөт башчылыкка Кубатбек Боронов, биринчи вице-премьер-министрлик кызматка Алмазбек Батырбековдун талапкерлиги колдоо тапты. Мындан сырткары өкмөттүн аппарат башчысы өз арызы менен кеткени кабарланып, анын ордуна Таалайбек Темиралиев сунушталды. Таалайбек Темиралиев буга чейин «Дастан» ишканасынын директору, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы болуп иштеген.

Ошондой эле Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагалыгына Жогорку технологиялар паркынын жетекчиси Алтынбек Исмаилов көрсөтүлдү. Бул орун Дастан Догоев окуудан улам кызматтан кеткенден кийин бошогон.

Калган вице-премьер-министрлер жана министрлер мурдагы орундарында калышты.

Жаңы өкмөттүн курамы 17-июнда парламенттин жалпы жыйынында каралат.

Бөлүшүү