Сузакта коронавирустун алдын алууга бөлүнгөн акчанын коротулушу боюнча иш козголду

Автор -

Сузак райондук санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери жана башкы бухгалтерине иш козголду. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, борбордун башкы дарыгери менен бухгалтери облусттук жергиликтүү мамлекеттик администрациянын резервдик фондусунун бюджетинен COVID-19 илдетин алдын алуу иштерине бөлүнгөн 300 000 сом акча каражатын Сузак
райондук санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлерине
айлык маянасынын көтөрүлгөн сыяктуу же башкача айтканда материалдык
жардам катары бөлүштүрүшкөн.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Резерв фондусунун акча каражаттарын
колдонуу» тууралуу жарлыгына ылайык, бул каражаттын эсебинен бюджеттик мекемелердин кызматкерлерине айлык маянасын көтөрүүгө тыюу салынат.

Аталган факт Жалал-Абад ИИБнин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш жазык
кодексинин 320 беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу)
менен катталып, сотко чейинки тергөө амалдары жүрүүдө», -дешти ИИМден.

Бөлүшүү