Сутка ичинде 21 медкызматкерден коронавирус табылды

Автор -

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 21 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

• Бишкек ш. – 6
• Чүй облусунда – 12
• Баткен облусунда – 2
• Талас облусунда – 1
Ал эми стационарлардан сутка ичинде 8 медкызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында  495 учур катталды, алардын ичинен 367 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Бөлүшүү