Бүгүн, 17-июнда, Жогорку Кеңеш өкмөттүн жаңы курамын, түзүмүн жана анын программасын бекитти.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган өкмөттүн жаңы курамына 105 депутат макулдугун билдирип, добуш берди.
Эл өкүлдөрү Наталья Никитенко менен Жанар Акаев каршы чыкты.
Төрага Дастанбек Жумабеков жаңы премьер-министрди кызмат орду менен куттуктап, ийгилик каалады. Ошондой эле бардык депутаттарга тең карап, алдыдагы шайлоону ачык-айкын өткөрөт деген ишенимин билдирди.
Кубатбек Боронов депутаттарга көрсөткөн ишеними үчүн ыраазычылыгын айтты.
[ads-quote-center cite=’деди Кубатбек Боронов.’]«Биз ак ниеттүүлүк менен иштөөгө бардык күч-аракетибизди жумшайбыз. Элдин бардык талабын аткарабыз»,[/ads-quote-center]