Жогорку Кеңеш өкмөттүн жаңы курамын бекитти

Автор -

Бүгүн, 17-июнда, Жогорку Кеңеш өкмөттүн жаңы курамын, түзүмүн жана анын программасын бекитти.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган өкмөттүн жаңы курамына 105 депутат макулдугун билдирип, добуш берди.

Эл өкүлдөрү Наталья Никитенко менен Жанар Акаев каршы чыкты.

Төрага Дастанбек Жумабеков жаңы премьер-министрди кызмат орду менен куттуктап, ийгилик каалады. Ошондой эле бардык депутаттарга тең карап, алдыдагы шайлоону ачык-айкын өткөрөт деген ишенимин билдирди.

Кубатбек Боронов депутаттарга көрсөткөн ишеними үчүн ыраазычылыгын айтты.

«Биз ак ниеттүүлүк менен иштөөгө бардык күч-аракетибизди жумшайбыз. Элдин бардык талабын аткарабыз»,
деди Кубатбек Боронов.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү