Сузактагы аялын кордоо боюнча козголгон кылмыш иши сотко өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ИИБинен журналисттерге билдиришти.
Маалым болгондой, 52 жаштагы Б.З. аттуу жаран толугу менен күнөөсүн мойнуна алган. Ал өзүнүн кылганын мас абалда болгондугу менен түшүндүрөт.
«Айыпталуучу Кылмыш-жаза кодексинин «Кордоо» беренеси боюнча камакка алынды. Окуяны видеого тарткан аял күбө катары ишке катышат», — деп айтылат маалыматта.
Эске сала кетсек, социалдык тармактарда сузактык жаран аялын коноктон кеч келгендиги үчүн мойнуна эки дөңгөлөк асып, башынан ылдый суу куюп жазалаган видео тарап, катуу талкууга түшкөн. Аял күйөөсүнүн үстүнөн арыз жазганы белгилүү болуп, соттун чечими менен зөөкүр 15 күнгө камакка алынган. Кийин тараптардын элдешип алганы, аялы милицияга кайра тосмо арыз жазып бергени айтылган. Буга карабастан иш өндүрүштөн алынган эмес.