Коронавирус жуктурган медкызматкерлердин саны беш жүздөн ашты

Автор -

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 14 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

• Бишкек ш. – 5
• Чүй облусунда – 2
• Ош ш. – 4
• Нарын облусунда – 2
• Жалал-Абад облусунда – 1
Ал эми стационарлардан сутка ичинде 6 медкызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 509 учур катталды, алардын ичинен 373 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.