Өлкөдө СOVID-19 инфекциясынын жаңы 95 учуру катталды

Автор -

2020-жылдын 18-июнуна карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 95 учуру катталды. Бул тууралуу бүгүн саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Жаңы табылган учурлар төмөнкү аймактардан:
Бишкек ш. – 49
Чүй облусу — 14
Ош ш. — 7
Ош облусу — 7
Баткен облусу — 1
Жалал-Абад облусу — 6
Талас облусу — 4
Нарын облусу — 7

Республика боюнча коронавирус жуктургандардын саны 2657 адамга жетти. Айыгып чыккандар —1933 адам.