Нурсултан Назарбаевден коронавирус аныкталды

Автор -

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевден коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу анын басма сөз кызматы маалымдады.

«Тилекке каршы, Елбасынын коронавируска карата тапшырган акыркы тести оң жыйынтык көрсөттү», — деп айтылат маалыматта.

Басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, Назарбаев обочолонуу шартын сактоодо. Анын ден соолугунун абалына кооптонууга негиз жок.

Ошондой эле ал аралыктан иштөөнү улантып жатканы кошумчаланды.

Буга чейин Казакстан Мажилисинин төрагасы Нурлан Нигматулинден жана президенттин басма сөз катчысы Берик Уалиден коронавирус табылганы айтылган.