Ош шаарында 42 жаштагы киши каналдагы сууга түшүп кетип каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Кырсык кечээ, 17-июнь күнү саат 10:46да болгон. Шаардын Мирсатов көчөсүндө жайгашкан Увам каналына 1978- жылы туулган эркек киши түшүп кеткен.
Издөө иштерин жүргүзүүгө КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары тартылып, маркумдун жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.